ЭЛДИК КАБАР: "СССРдин убагындагы тытылган китептер менен окуп келебиз. Ага 25 сом ижара төлөйбүз" дейт окурман
SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Талас облусунун Талас районундагы Манас айылынын тургуну кайрылып, аталган айылдагы мектепте эскилиги жеткен китептерди окуп жатышканын, ага ижара катары 25 сом төлөй тургандыгын айтып, нааразы болду.
"Талас районунун Манас айылындагы Ак-Сай орто мектебинин китептери эски. Бул китеп 1993-жылы чыккан. Ошондон бери окуу системабыз жаңыланган эмес. СССРдин убагындагы китептер менен окуп келебиз.
Элге билим берүү боюнча СССР Мамлекеттик комитети бекиткен китептер менен дагы деле окуйт экенбиз. Китептин жартылары жок. Буга ижара үчүн 25 сом төлөнөт. Муну бекер берсең деле түшүнбөйсүң го, анан кантип билим берүү өнүксүн?", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
кошулду
"СССРдин убагындагы тытылган китептер менен окуп келебиз" дейт окурман






Мугалимдерди аттестациялоо куру убарагерчилик. Мугалимдердин билим беруу сапаты ото тушуп кеткен. Сабатсыз мугалимдер ошончо. Сабак учурунда ашка, тойго кетуу конумушко айланган, окуучуларга тапшырма берип коюп жонотуп жиберишет же ойноп тургула дейт.
Информатика жумасына 1 саат жакшы эле. 9,10,11-класстарда окутса. Алгебра, геометрия, биология, география, орус тили, литература, чет тили, экономика деп санап отурса, жумасына 1 саат да жаман эмес. Экичи, сабакка таптакыр конулу шыгы жок окуучу эле унутпаса, калганы унутпайт бир жумада эмес бир айда да.
Кыргыз тилин онуктуруу боюнча эч аракет жок. Элдин баары балдарын орусча окуткусу келет.
Олкодогу коррупция, тууган-билиштиктин айынан мугалим окуучуларга туура тарбия да бере албай келет....