super.kg logo
  Саясат  

Асия Сасыкбаева орусиялык окумуштуу Владимир Квинт менен жолугушту

 
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева 5-ноябрда Орусия илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү, экономика илимдеринин доктору Владимир Квинт менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Асия Сасыкбаева жылуу кабыл алуу менен, профессордун “Мамлекеттин стратегиясын иштеп чыгуу маселелери жана анын келечеги” темасындагы лекциясы эксперттер, мамлекеттик орган жетекчилери үчүн маанилүү экендигин баса белгиледи. Жолугушууда тараптар экономика жаатындагы маселелерди 2013-2017-жылдары Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын бир катар ченемдерин талкуулады. Квинт “Туризм тармагы Кыргызстан үчүн “алтын казына”, экономиканын бул тармагын өнүктүрүү өлкө үчүн экономикалык кескин өсүүгө алып келет” деп билдирди. Владимир Львович Квинт – илим жаатында жигердүү иш алып барган илимдин көрүнүктүү өкүлү.  Экономикалык стратегиянын теориясы менен усулу боюнча ири адис. Акыркы жыйырма жылда рынокту түзүү жагында изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Анын илимий изилдөөлөрүн көптөгөн жаңыдан өнүгүп келаткан өлкөлөр пайдаланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: