super.kg logo

"Компьютер оюндарын ойночу". Пермде ок чыгарган Тимур Бекмансуровдун атасы уулу тууралуу айтып берди

 

Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде кол салууну жасаган Тимур Бекмансуровдун атасы баласынын бул кылганына дагы деле ишене албай тургандыгын орус басылмаларына билдирген.

Маалыматка ылайык, Марат Бекмансуров аскер адамы. Ал башка шаарда экенин жана конкреттүү эч нерсе айта албастыгын белгилеген. Ал сурак берүү үчүн Пермге келиши керектигин кошумчалаган. "Мен өзүм дагы эле нес абалындамын. Өзүмө келе албай жатам. Ал эмне кылып салды?", - деген Марат Бекмансуров.

Ошондой эле ал бул окуяны уулунун апасынан укканын, ал полицияда сурак берип жатып ага чалганын айткан. "Ал дагы нес абалында. Ал эмне деп сүйлөп жатканын өзү деле түшүнгөн жок", - деген кол салуучунун атасы.

Марат Бекмансуров баласы менен канчалык баарлашпасын, аны компьютер оюндары гана кызыктырып калганын, эшикке чыкпай үйдө эле отургусу келип калганын кошумчалаган.

Кечээ, 20-сентябрда Пермь шаарындагы университетте 18 жаштагы Тимур Бекмансуров ок чыгарган. Кол салуудан 6 адам каза болуп, 28 адам жаракат алган. Жаракат алгандардын ичинде Тимур Бекмансуров дагы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
21.09.2021. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Компьютер оюнуна берилип кетүү бул оору!
21.09.2021. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата-эненин эн чон жанылыштыгы бул баланы жалгыз комнатага телефон же компьютер менен калтырганы..
22.09.2021. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пабжи оюнун ойногон турбайбы чыныгы жашоодо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: