Бир суткада 89 адам коронавирус илдетине кабылса, 108 бейтап айыкты
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 89 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, алар төмөнкү аймактарда катталды.
Бишкек шаары - 53;
Чүй облусу – 17;
Ош облусу – 1;
Талас облусу - 2;
Нарын облусу - 1;
Ысык-Көл облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 6;
Баткен облусу - 3.
Республикада коронавирус илдети катталган күндөн тарта оорудан жабыркагандардын саны жалпы 177 миң 869 болду.
Ал эми соңку сутка ичинде 108 бейтап оорудан сакайып, үйлөрүнө чыгарылды. Муну менен өлкө боюнча айыккандардын жалпы саны 172 миң 369га жетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.