super.kg logo

Орусияда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын бири митингге чыкты

 

Орусияда мамлекеттик Думага болгон шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон Коммунисттик партиянын (КПРФ) тарапташтары борбордогу Пушкин аянтына митингге чыгышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, нааразычылык акциясына эл менен бирге коомдук байкоочу комиссиянын мүчөлөрү, мамлекеттик Думанын депутаттары (аталган партиядан) да катышкан. Алар бул жолку шайлоодо киргизилген аралыктан электрондук түрдө добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айтып чыгышты.

Аны менен бирге "Саясий туткундарга эркиндик", "Уят", "Биз бул жерде бийликтебиз", "Навальный" деген сыяктуу ураандарды чакырышкан.

Ал эми Москванын аймактык коопсуздукту камсыздоо жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы Коммунисттик партиянын нааразычылык акциясы эч кандай карантиндик чектөөлөрдү сактабаганын билдирди. Себеби учурда аталган аймакта массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган.

Буга чейин Коммунисттик партия ар биринде 5000ге жакын адам катышкан акцияларды өткөрүүгө ниеттенип жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөнүн билдирген.

Эске салсак, Орусияда мамлекеттик Думага болгон шайлоо 17-сентябрдан 19-сентябрга чейин болуп өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
21.09.2021. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Оруссияда шайлоо ото ыплас отту. Шайлоо жыйынтыктарын бурмалоо, массалык бюллетень таштоо урнага, карусель ыкмасы ж.б. орун алды. Электронный шайлоо дегени бийликке курал болуп берди. Башка партияга добуш таштаса да жыйынтыгын "Единая Россия" деп корсотуп туруп алышты.

Эгер орустар адилеттуулукту каалашса анда швйлоо жыйынтыктары жокко чыгарылганча которуло бериши керек же Путинди кууп чыгышы керек.....

Эртен эле бизде да шайлоо. Бизде да ыплас шайлоо кутуп жатат
Antiradikal3 түзөттү 2021-09-21 12:18:07
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: