super.kg logo

"Бул ирет 5 партия өттү". Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди 100 пайыз санап чыкты

 

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик Думага депутаттарды шайлоодогу протоколдорду 100 пайыз санап чыкты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышууда.

Маалыматка ылайык, шайлоо комиссиясы мамлекеттик Думага болгон шайлоодо бюллетендерди 100 пайыз санады. Акыркы саноонун жыйынтыгы боюнча беш партия парламенттин ылдыйкы палатасына кирди. Жыйынтыгында федералдык округда добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча добуштар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

"Единая Россия" - 49,82%

КПРФ - 18,93%

ЛДПР - 7,55%

"Справедливая Россия - За правду" - 7,46%

"Новые люди" - 5,32%

Калган партиялар Думага кирүү үчүн талап кылынган 5 пайызды ала алышкан жок. БШК шайлоонун акыркы жыйынтыктарын 24-сентябрда жарыялайт. Бул ирет парламентке 2003-жылдан бери болуп келгендей төрт эмес, беш партия биринчи жолу келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: