super.kg logo

АКШда коронавирустан каза тапкандардын саны Испан сасык тумоосунун курмандыктарынан да ашып кетти

 

АКШда коронавирустан каза тапкандардын саны буга чейин 1918-жылдагы Испан сасык тумоосу пандемиясынын курмандыктарынын санынан ашты. Бул тууралуу АКШдагы Жон Хопкинс университетине таянып чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Америка Кошмо Штаттарында коронавирус илдетинен каза тапкандардын саны 676 миң 75 адамга жетти.

Ал эми 1918-жылдагы Испан сасык тумоосу аталган өлкөдө 675 миң адамды өлүмгө алып келген. Бул пандемиянын толкуну дээрлик 2 жылдай созулуп, Америка тарыхындагы эң коркунучтуу пандемия катары тарыхта калган.

Учурда АКШда вирустан улам көз жумгандардын саны дүйнө жүзү боюнча аталган илдеттен каза тапкан жалпы 4 миллион 700 миңге жакын адамдын 14 пайызын түзөт. Ал эми коронавируска чалдыккандардын саны 42 миллиондон ашкан.

Буга чейин Бириккен улуттар уюму АКШда вирустан улам 3 чоң согушта да болуп көрбөгөндөй жоготуу болгонун билдирген. Ошондой эле февраль айынын аягында президент Жо Байден илдеттен каза тапкандарга карата өлкөдө 5 күн бою аза күтүү жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: