super.kg logo

Адам уурдоого шектелип кармалган 3 жаран үй камагына чыкты

 

20-сентябрда адам уурдоого шектелген 3 жарандын баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгышты. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, үч жарандын баш коргоо чарасында прокурор үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчүн келтирген. Шектүүлөргө Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1.4-пункту боюнча айып тагылган. Жабырлануучунун каршы көрсөтмөсүн эске алуу менен сот прокурордун өтүнүчүн канааттандырды.

Эске салсак, 17-сентябрь күнү Чүй РИИББине телефон чалуу болуп, Искра айылында киши уурдоо фактысы болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Анда 17-сентябрь күнү болжол менен саат 21:00 чамасында бейтааныш адамдар 1990-жылы туулган М.А. аттуу жаранга карата күч колдонуп, аны белгисиз тарапка уурдап кетишкени маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: