super.kg logo

Япониядагы 107 жаштагы эже-сиңди дүйнөдөгү эң кары эгиздер деп табылды

 

Япониядагы 107 жашка чыккан эже-сиңди дүйнөдө жашап жаткан эң кары эгиздер деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, япониялык эгиздер Умено Сумияма жана Коуме Кодама учурда 107 жашта. Ушул жылдын 1-сентябрына карата эже-сиңдилер дүйнөдө жашап жаткан эң улгайган (107 жыл 300 күн) эгиздер деп табылып, "Гиннесстин рекорддор китебине" катталган.

Бир туугандар 1913-жылы 5-ноябрда Япониянын Седо аралында 13 балалуу чоң үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келишкен. Алар 2 дүйнөлүк согушту башынан өткөрүшкөн.

Эң кызыгы, алар балалыгынан бери өз-өзүнчө жашашкан жана азыр дагы чогуу жашашпайт. Бирок бири-бирин ар дайым колдоп турушарын айтышкан.

"Гиннесстин рекорддор китебинин" адистери карантиндик чектөөлөрдөн улам эгиз бир туугандарга бара алышкан эмес. Бирок аларга рекорддор китебине катталгандыгы тууралуу сертфикатын берип жиберишкен.

Эске салсак, Япония өлкөсү буга чейин улгайган адамдардын саны боюнча дүйнөлүк рекорд койгон. Аталган өлкөдөгү 65 жаштан жогорку адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча рекорддук көрсөткүчтү, тагыраагы 36 миллион 400 миң адамды түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: