Япония улгайган адамдар эң көп жашаган мамлекет катары дүйнөлүк рекорд койду
Япония калктын улгайган бөлүгү басымдуулук кылган өлкө катары дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Японияда 65 жаштан жогорку курактагы адамдардын жалпы саны 36 миллион 400 миң адамды түзөт. Бул жалпы калктын 29,1 пайызы.
Ал эми аталган өлкөдө бардыгы 126 миллион 410 миң адам жашайт. Улгайган адамдардын мындай жогорку саны дүйнө жүзү боюнча рекорддук көрсөткүч деп табылган.
Ошондой эле Японияда 80 жаштан жогорку курактагы адамдардын саны 12 миллион 600 миң адам, ал эми 100 жаштан жогоркулар 80 миң адамды түзгөн.
Демографиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун алдын ала божомолуна ылайык, калктын курамында улгайган адамдардын басымдуулугу мындай ылдамдык менен арта берсе, 2025-жылы жалпы калктын 30 пайызы, 2040-жылы 35 пайызы кары куракка жетип калышы ыктымал экендигин билдиришкен.
Мындан тышкары улгайган калктын басымдуулугу боюнча 2-орунду Италия өлкөсү (23,6 пайыз) ээлесе, 3-орунга Португалия (23,1 пайыз) жайгашкан.



Сенин жаныңда жүргөн адамдарга ырахмат!Аларды да өзүңдүн "логикаң" менен тажатсан керек.