Ырчы Марстын үлпөт тою борбордогу тойканалардын биринде өтүүдө (сүрөт)







"Жылаңач баатыр" долбоорунун жеңүүчүсү, "Шаардык кыз Аида..." деп обон созгон ырчы Марстын үлпөт тою борбор калаадагы тойканалардын биринде өтүүдө.
Тойдо эки жашты шоумен Манас Алыкулов жар-жар айтып залга алып кирди. Ошондой эле ырчылардан Ишен Назаров тойго катышууда.
Тойду ата-энесинин туугандары колуна алган. Ал эми ырчынын жубайы чыгармачылыктан алыс экендигин кошумчалап кетели.
Эске салсак, ырчы сүйүктүүсүнө апрель айында баш кошуу тууралуу сунуш кылган.
Марс 1988-жылы 10-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кесиби боюнча инженер-механик. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын бешинчиси. Анын репертуарында "Аида", "Кайгырба", "Жаш кездин күндөрү", "Заман" жана башка ырлары бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
-2

Ар бир аялга сулуулук, ден соолук, ийгилик болсун. Сулуу болгула аял заты.
Илгери Бек байкебиз жазда бир, куздо бир кассета чыгарчу, кеминде жарымы жаны ырлар болуучу. Ошондо бир жылда эле 10-15 жаны ыр чыгарчу. Азыр ырчы-чоорчумун дегендердин репертуарында 10-15 ыры жок, 3-5 жылдан бери ырчы-чоорчу болсо да......