Жогорку Кеңеште аткаминерлердин компанияларын мамлекеттик тендерлерге тыюу сала турган мыйзам долбоору каралды
Жогорку Кеңештин 6-ноябрдагы жыйынында аткаминерлердин компанияларынын мамлекеттик тендерлерге катышуусуна тыюу салган мыйзам долбоору каралууда. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Дастан Бекешев: “Жогорку кызматта иштегендерге таандык же алардын жакындарына караштуу компаниялар мамлекеттик тендерлерге катышып, утуп чыгып жаткан фактылар бар. Мисалы, вице-премьер-министрдин же анын жакындарынын компаниясы жол же кандайдыр бир май ташып келүү боюнча өткөн тендерге катышып утуп чыкса бул жакшы көрүнүш эмес. Жогорку Кеңешке депутаттардын биринин компаниясы өндүргөн сууну алып келүүгө болбойт. Кайсы партиядан экенине карабай биз бул көрүнүштү коррупция катары кабыл алышыбыз керек”,- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

