super.kg logo

Казакстанда үй талаштан улам беш адамды атып салган жарандын аялы президентке кайрылды

 

20-сентябрда коңшу Казакстандын Алматы шаарынын Акбулак кичи районунун тургуну аны үйүнөн кууп чыгууга аракет кылган полиция жана сот кызматкерлерине ок чыгарган. Жыйынтыгында беш киши каза тапкан: сот аткаруучу, эки полиция кызматкери, талаштуу мүлктүн жаңы ээси жана пристав алып келген дагы бир адам.

Ок атканга шектүүнүн аялы Анаида Демирчян президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылган. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

"Эгерде ошол убакта прокурор келсе, баарын туура, мыйзамдуу түшүндүрмөк. Эл кыйналды, менин бүт үй-бүлөм кыйналды. Эми эмне болорун билбейм. Бирок биз мыйзамга баш ийген жаран экенибизди, президентке миллион жолу кайрылганымды бүт дүйнө билсин. Президентке дагы да кайрылып жатам. Урматтуу Касым-Жомарт Токаев, сиз Конституциянын гарантысыз, менин жашы жете элек балдарымды коргоңуз. Менин кичинекей баламдын жүрөк кемтиги бар. Оорусу кармап кечээ жатып калганда сот аткаруучу көңүл да бурган жок", - деген Демирчян.

Аял күйөөсүн ошондой абалга жеткиришкендигин кошумчалаган.

"Сот аткаруучусу бизди, балдарыбызды кууп чыгам деп кантип коркутканы тууралуу видео бар. Бирок учурда көчүрүү кагазы талашка түшүп жатканы белгилүү. Мен каза болгон адамдардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтам. Ооба, жолдошум ката кетирди, бирок сот аткаруучу аны атайылап мындай кылууга түрткөн, далилдер бар", - деп кошумчалаган шектүүнүн жубайы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
22.09.2021. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Далилдериңди коомчулукка жарыялада, далил бар деп отура бербей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: