super.kg logo

Трактор менен тартылган сүрөттү көрдүңүз беле? Италиялык сүрөтчү Достоевскийдин портретин буудай талаасына түшүрдү (видео)

 

Италиялык сүрөтчү Дарио Гамбарин буудай талаасына орус жазуучусу Фёдор Достоевскийдин портретин түшүрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, көркөм объект жазуучунун 200 жылдыгына карата уюштурулган. Сүрөтчү Гамбарин портретти трактордун жардамы менен жараткан жана аянты 25 миң чарчы метрди түзөт. Чийменин үстүнө сүрөтчү англис тилинде "Сулуулук дүйнөнү сактайт", ал эми астына жазуучунун фамилиясын орус тилинде жазган.

"Сулуулук бизге керек. Сулуулук жана гармония бизди бул пандемиядан куткарат. Ошондой эле айлана-чөйрөнү сактоонун куралы болуп саналат", - деген Дарио Гамбарин.

Жалпысынан портретти жаратууга 9-10 сааттык убакыт кеткен жана 7-10 күн аралыгында портрет өчүп кетет.

Белгилей кетсек, сүрөтчү Гамбарин буга чейин көптөгөн атактуулардын портретин тарткан. Мисалы, Барак Обама, Дональд Трамп, Нельсон Мандела, Фидель Кастро жана 2017-жылы Владимир Путиндин портретин тарткан. 1993-жылдан бери Италия жана Европанын шаарларында жеке көргөзмөлөрүн өткөрүп келет. Ошондой эле ал өзүнүн сүрөттөрү менен тынчтыкка жана адилеттүүлүккө чакырык таштап келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.09.2021. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сулуулук болуш керек. Сулуулук жөнүндө көп айтылыш керек. Сулуулукту даңазалаш керек.

Сулуулук ыйык касиет. Сулуулук - адамга болгон жагымдуу сезимди ойгото турган жападан жалгыз сапат.
alimbek94 түзөттү 2021-09-22 11:50:55
22.09.2021. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
alimbek94, Чалдын суроту менен сенин сулуулугундун кандай байланышы бар экен?
22.09.2021. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alimbek94,Ким экен деп атса,Айжан экенсиң да.Эми эки ат менен жаза баштадыңбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: