super.kg logo

"Күбөлүк көрсөтүп, дарыканадан 5 миң сом талап кылган". Ысык-Көлдө милиция УКМКнын жалган кызматкерин кармады

 

Ысык-Көл облусунда УКМКнын жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 20-сентябрда Ысык-Көл облустук криминалдык милициясына Чолпон-Ата шаарындагы дарыканалардын биринде өзүн УКМКнын кызматкеримин деп күбөлүгүн көрсөтүп, 5 миң сом талап кылып жаткандыгы боюнча билдирүү түшкөн.

"Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө анын УКМКнын жалган кызматкери экени аныкталды. Ал Чүй облусунун тургуну, 34 жаштагы Д.А. болуп чыкты", - деп билдиришти облустук милициядан.

Кармалган Д.А. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Милиция кармалган адамдан
жабыркаган же ал жөнүндө кандайдыр бир маалыматы бар жарандардан 102, 03943 4-39-80, 0709 331 515 номурлары аркылуу кабарлап коюуну суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: