super.kg logo
  Спорт  

"Ырчылардан Атабековду, спортчулардан Тыныбекованы баш кылып чакырып жатабыз". Бишкекте күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт

 

Бишкекте Күрөш федерациясынын Кубогу үчүн эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу маалыматты Бишкек жана Чүй облусу боюнча Күрөш федерациясынын президенти Эмил Жамгырчиев билдирди. Анын айтымында, мелдештин ачылуу аземи 29-сентябрда саат 17:00дө борбор калаадагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот.

“Кыргыз өлкөсүнөн 500гө жакын спортчу катышканы турат. Ошондой эле коңшу өлкөлөрдөн жана Ирандан балбандар келет. 28-сентябрда балбандар күрөшө баштайт, ал эми 29-сентябрда жарым финал жана финалдык беттеш болот. Мелдештин ачылуу жана жабылуу аземи да ошол күнү өтөт, кирүү акысыз. Манасчы Дөөлөт Сыдыков, ырчылар Мирбек Атабеков, Кайрат Примбердиев, Гүлзада Рыскулова жана башка ырчылар келет. Ошондой эле эл аралык мелдешке Токио Олимпиадасынын байгелүү орундарынын ээси Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарованы ардактуу конок катары чакырып жатабыз", - дейт Эмил Жамгырчиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
27.09.2021. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атабековду кандай адамдар мыкты ырчы дешет
27.09.2021. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мирбектин эмнесин звезда кыласынар ушу тушунбойм!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: