super.kg logo

Орусия 2022-жылы мигранттар үчүн мобилдик тиркемени ишке киргизүүнү пландап жатат

 

Орусия мигранттар үчүн документтерди даярдап, жумуш издей ала турган атайын мобилдик тиркемени 2022-жылы ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн вице-премьер-министри Алексей Оверчуктун маалыматына таянып, жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

"Биз Орусияга келген чет элдиктер үчүн жумушка орношконго чейин басып өтчү жолду атайын бир мобилдик тиркемеге камтууну көздөп жатабыз. Бул тиркеме аркылуу алар туруктуу же убактылуу жашоого уруксат алуу, каттоого туруу, медициналык камсыздандыруу, эмгек келишимин түзүү сыяктуу көйгөйлөрүн чече алышат. Тиркемеден алгач мигрант өзүнүн Орусиянын "кара тизмесинде" бар же жок экендигин аныктай алат. Эгерде ага өлкө тараптан эч кандай чектөөлөр коюлган эмес болсо, анда ал башка кызматтарды колдоно алат", - деп билдирген ал.

Мындан тышкары Алексей Оверчук жеке менчик кызматтар - медициналык камсыздандыруудан тарта ижарага турак жай табуу жана алуу кызматтарына чейин болушу мүмкүн экендигин айткан.

Ал эми бул тиркеменин азыркы учурда толукталып жатканы айтылат маалыматта.

Оверчуктун айтымында, Орусияда 3 миллион 800 миң мигрант патент жана ЕАЭБ мамлекеттеринин жараны катары эмгек келишиминин негизинде иштейт. Ошондой эле 290 миң адам ЖОЖдордо билим алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: