super.kg logo

Тажикстан Ооганстан менен чектешкен аймагына качкындар лагерин курат

 

Евро биримдиктин колдоосу менен Тажикстандын Ооганстан менен чектешкен Хирманжо аймагына качкындар лагери курулат. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Хатлон облусунун башчысы буга чейин эле Ооганстандан келген качкындар үчүн атайын лагерь курула турганын билдирген.

Ал эми Евро биримдик Тажикстанда күн кечирип жаткан ооганстандык качкындар үчүн 160 миң евро өлчөмүндө каражат бөлгөнүн жарыялаган.

Эске салсак, талибдер Ооганстандын түндүгүндө чабуулдарын баштагандан тарта Тажикстанга миңдеген ооганстандыктар качып кирген. Алардын арасында жүздөгөн аскер кызматкерлери да болгон. Европа биримдигинин 14-сентябрда тараткан маалыматына караганда учурда Тажикстанда 5 миңге жакын ооганстандык качкын бар. Алардын көбү Хатлон жана Бадахшан автономдук облустарында баш калкалоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: