super.kg logo

"Маяк": Бишкекте "Тез жардам" кызматына жол бербеген айдоочуларга 2 сааттын ичинде 70 миң сом айып пул салынды

 

Бишкекте өткөн "Маяк" аталышындагы рейддик иш-чарада "Тез жардам" кызматына жол бербеген айдоочуларга 2 сааттын ичинде 70 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, рейд "Тез жардам" кызматына жол бербеген айдоочуларга багытталган. Жыйынтыгында мындай аракеттерди болтурбоо үчүн айрым айдоочулар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эртең мененки саат 10:00дөн 12:00гө чейин Бузуулар кодексинин 123-1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык 7 протокол түзүлүп, 70 миң сом айып пул салынган.

"Коронавирус пандемиясы учурунда Бишкек шаарынын аймагында транспорттук тартипке көзөмөлдү күчөтүү максатында "Тез жардам" кызматы жарандарга медициналык жардам көрсөтүүдө. Бирок айдоочулар "Тез жардамды" өткөрбөйт жана жол бербейт. Мындай көрүнүштөр калкка сапаттуу, өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө зыянын тийгизет", - деп кошумчалашты кайгуул кызматынан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.09.2021. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура коп суммада штраф салыш керек
22.09.2021. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушундай Рейди Ош шаарында дагы кылса жакшы болот эле,тез-тез хотьябы жумасына бир жолудан.А то воопще Ошто бардак эч кимди тоготушпайт айдоочулар,мендагы Тез жардам унаасын айдайым тойгозушат айдоочулар тушунбойт эч.
22.09.2021. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жол берсең камера штраф жазып коёт экен го. Ал жагыны да эске алышсын да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: