super.kg logo

Криштиану Роналдунун апасы: "Көзүм өткөнгө чейин уулумду кайрадан "Спортинг" клубунан көргүм келет"

 

"Уулумду көзүм өткөнгө чейин "Спортинг" клубунун катарынан көргүм келет", - деп белгилүү футболчу Криштиану Роналдунун апасы Мария Долорес Авейру билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, футбол жылдызынын апасы телеканалдардын бирине берген маегинде Роналду акыры португалиялык клубга сөзсүз кайтып келиш керек деген оюн айткан.

"Уулума мен өлгөнгө чейин "Спортингге" кайтып келишиң керек деп айткам. Кокус ал келбей калса, анда кичинекей Роналду (Криштиану Роналдунун баласы) сөзсүз бул клубда оюн алып барышы керек", - деген ал.

Ошондой эле май айында "Спортинг" клубунун урматына өткөрүлгөн кечеде Роналдунун келээрки сезондо "Спортингге" кайтып келиши үчүн болгон аракетин жасарын айтканы кабарланды.

Белгилей кетсек, Криштиану Роналду португалиялык "Спортинг" клубуна 12 жашында кошулган. Ал аталган клубдун катарында 2003-жылга чейин оюн алып барган. Ал эми 2003-жылы англиялык "Манчестер Югнайтед" клубуна өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: