super.kg logo

Стадиондо аялдардын болгондугуна байланыштуу. Ооганстанда крикет оюндарын көрсөтүүгө тыюу салынды

 

Ооганстанда талибдер стадиондо аялдардын болгондугуна байланыштуу Индия Премьер-Лигасынын крикет оюндарын көрсөтүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Ооганстандын крикет кеңешинин мурдагы медиа менеджери Ибрагим Моманддын берген билдирүүсүнө таянып, чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ооган улуттук телекөрсөтүүсү Индия Премьер-Лигасынын крикет оюндарын көрсөтүүдөн баш тартты. Анткени талибдер беттеш исламга каршы мазмунга толгон деп эсептешет. Ошондой эле стадиондо жылаңбаш аялдардын жана бийлеген кыздардын болуусуна байланыштуу көрсөтпөй тургандыгын билдиришкен.

Белгилей кетсек, буга чейин кыздар жүзүн кошо жапкан баш кийим кийип, эркек балдар менен бир бөлмөгө отурбай өзүнчө окуй турганы маалымдалган. Мындан тышкары "Талибан" кыймылы ооган аялдардын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салган.

Маалымат үчүн:

"Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.09.2021. 05:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аатаны,болбопсунар...
Аялдар эмне адам эмеспи, же тиштеп алышабы кошо журсо.
Айбандар.
suban78 түзөттү 2021-09-23 05:09:39
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: