Ош шаардык мэриясынын алдында турак-жай маселеси боюнча жаңы департамент түзүлдү
Оштун мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматовдун токтомуна ылайык, жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департамент түзүлдү. Жаңы түзүлгөн департаменттин башчысы Абдумиталип Калбековдун айтымында, департаменттин негизги максаты шаардыктардын турак-жай боюнча суроо-талаптарын, кайрылууларын, муктаждыктарын ыкчам чечүү болуп саналат. Жеке турак-жайы жок шаардыктар жаңы ачылган департаментке тийиштүү маалымат алуу үчүн кайрылышса болот. Маалымат катары айта кетсек, аталган департамент Ош шаардык мэриясынын имаратында жайгашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

