Хабаровскто дайынсыз жоголгон АН-26 учагынын калдыктары табылды
Орусиянын Хабаровск шаарына жакын жердеги Спартак лыжа базасынын аймагынан дайынсыз болуп изделип жаткан АН-26 учагынын калдыктары табылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.
Маалыматка ылайык, учурда аталган аймакты коюу булут каптаганына байланыштуу куткаруучулар жете элек. Бирок учактын калдыктары табылган. Булут тараган соң Ми-8 тик учагы конууну көздөп жатат. Куткаруучулар учурда конууга жер издеп жатышат. Издөө иштерине 70тен ашуун куткаруучу жана 20дай техника тартылган.
Кечээ, 22-сентябрда АН-26 учагы Хабаровсктон 38 чакырым алыстыкта радардан жоголгон. Учакта экипаждын 6 мүчөсү бар болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.