super.kg logo
  Саясат  

БШКнын төрайымы бир мандаттуу округдун чек аралары боюнча токтом эмне үчүн өзгөртүлгөнүн айтты

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бир мандаттуу округдун чек аралары боюнча токтом эмне үчүн өзгөртүлгөнүн айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 22-сентябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Депутат Өмүрбек Бакиров: “Бир мандаттуу округдардын чектерин бекитүү боюнча 5-сентябрда токтом кабыл алгансыңар. А эмне үчүн ошол токтомду 15-сентябрда кайра өзгөрттүңөр? Буга эмне түрткү болду? Мыйзам бузуу болгон жокпу? Анткени тиешелүү мыйзамда округдарды аймактык шайлоо комиссиясынын жана жергиликтүү бийликтин сунушу менен гана өзгөртүүгө болору белгиленген. Бирок силер жумушчу тобунун сунушу менен токтомду алмаштыргансыңар”, - деди.

“Мыйзамга ылайык, 5-сентябрда токтом кабыл алынган. Бирок Ош облусундагы шайлоо округдары боюнча талаштуу жагдайлар пайда болуп, токтомду өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкты. Жумушчу топ бир нече отурум өткөрүп, мекемелер аралык комиссия да аталган маселени караган. Бирок бир пикирге келе алган жокпуз. Жыйынтыгында акыркы вариант көпчүлүк акимдердин жана губернатордун сунушу менен кабыл алынды”, – деп жооп берди Нуржан Шайлдабекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: