super.kg logo

"Келин уул төрөбөгөнү үчүн күйөөсү менен кайненесинен токмок жеп жүргөн". Өзбекстанда 16 жашар кыз менен апасы асынып каза болду

 

Өзбекстандын Самарканд облусунда сарайдан 16 жашар кыз менен апасынын жансыз денеси табылды. Алар экөө тең жипке асынып, өз жандарын кыйган. Ал эми окуяга шектүү катары келиндин күйөөсү менен кайненеси камакка алынды деп жазышат аталган өлкөнүн басылмалары.

Маалыматта айтылгандай, өз жанын кыйган аял эркек бала төрөбөгөндүгү үчүн дайыма күйөөсү менен кайненесинин ур-токмогуна кабылып, үйдө байма-бай уруштар чыгып келген. Үй-бүлөдөгү мындай көрүнүштөн айылдагы бардык тургундардын кабары болгону да айтылган маалыматта.

Ушул сыяктуу жаңжалдардын биринде үй-бүлөнүн 16 жаштагы кызы сарайга барып, жипке асынуу менен өз жанына кол салган. Арадан 2 саат өтпөй апасы дагы кызынын жанына барып, асынып алган.

Ал эми кылмышка шектүү катары аялдын күйөөсү менен кайненеси кармалган.

Соттун жүрүшүндө каза болгон аялдын күйөөсү жубайын ур-токмокко алып келгенин моюнга алган. Бир жыл мурун эле дүкөндөн азык-түлүк алып, карызды кайненесине жаздыртып койгону үчүн электр чубалгысы менен сабаганын билдирген. Ошондой эле дагы бир жаңжалда аялынын бетине кайнак суу төгүп жибергенин айткан.

Ал эми келини менен келише албай жүргөнүн кайненеси билдирген. Анын айтымында, келини ага өтө жаман мамиле кылчу.

Соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында экөө тең күнөөлүү деп табылып, келиндин күйөөсү 7 жылга, кайненеси 4 жылга эркинен ажыратылганы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
23.09.2021. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аялдар бул жашоого азап тартыш учун жаралган эмес. Көк мээлер. Сабатсыз акылсыздар.
ayzhan12 түзөттү 2021-09-23 13:28:08
23.09.2021. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Негизи келинди олгонго чейин азапка салып,анан олгондон кийин олорчо жамандай беришет элдер
23.09.2021. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш кыз 16 жаш экен, энесине боору ооруганынан эмне кылаарын билбей өлүмгө барган окшойт.
23.09.2021. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде деле калышпай калды,Аллахтын алдында жооп беришет.Ошол гана нерсе мени сооротот дайым.Мен дагы кордук коргом.
24.09.2021. 05:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркектер китеп окугула. Баланын кыз же эркек болуусуна аялдан көз каранды эмес. Эмнени эксеңер ошону аласыңар. Помидор эгип алып эмнеге картошка чыкпайт деп жинди болбогула!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: