Жалал-Абад. Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташуучу унаа кырсыкка кабылды: айдоочу каза таап, солярка сууга агып кетти
2012-жылдын 5-декабрында саат 11:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бишкек-Ош багытында жол тарткан "Газпром" ишканасына таандык ХОНДА үлгүсүндөгү, 40 тонналык күйүүчү май ташуучу (бензовоз) унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чычкан капчыгайындагы сайга түшүп кеткен. Натыйжада айдоочу Карабаев Инамжан (Ош шаарынын тургуну) кырсык болгон жерде каза болгон. Маалыматка ылайык, күйүүчү май ташуучу унаанын цистернасы тешилип, солярка сууга агып кеткен. Окуя болгон жерге ӨКМнын Токтогул районундагы Куткаруу кызматынын куткаруучулары жөнөп кетишкен. Бул тууралуу КРнын ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты. Автоунаада айдоочудан башка жүргүнчү болгон эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

