Лейлекте суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери 854 миң сомду сый акы жана иш сапар чыгымдары катары мыйзамсыз чегергени аныкталды

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, аталган башкармалыктын кызмат адамдары атайын техника үчүн тетиктерди сатып алуу жана кызмат көрсөтүү үчүн өткөрүлгөн тендердин жүрүшүндө, мыйзам талаптарын бузуу менен жогорку бааны сунуштаган тарапты жеңүүчү деп табышкан. Анын жыйынтыгында мамлекетке 151 миң 491 сом зыян келтирилген.
"Мындан сырткары алар 854 миң 401 сомду сый акы жана иш сапар чыгымдары катары мыйзамсыз чегерип, ал каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан. Райондук суу чарба башкармалыгынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке жалпы 1 миллион 5 миң 892 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.