super.kg logo

Кеминде өлтүрүлгөн 16 жаштагы кыздын апасы: "Шектүүнүн энеси менен агасы үйгө келиптир"

 

21-июнда Кеминде 16 жаштагы мектеп окуучусу Ольга Хабарова киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган Б.К. аттуу кошунасы кармалган. Маркумдун апасы Лилия Хабарова SUPER.KG порталына соттук иштер боюнча нааразычылыгын билдирди.

"Соттук процесс кыргыз тилинде жүргүзүлүп жатат. Эч нерсе түшүнбөстөн кыргызча жазылган текстке кол койдум. Шектүү тарап кылмышты жеңилдетүү чарасын ойлонуп жатат окшойт. Өткөндө шектүүнүн энеси менен агасы үйгө келиптир. Алар "бүтпөй жаткан үйүңдү бүтүрүп берели" деп сунуш кылышты. Албетте, макул болгон жокмун. Күнөөлүү толугу менен жазасын алышы керек.

Кызым каза болгондон кийин куурап жатам. Үйдө эки балам кароосуз калды. Өзүм 8000 сомго иштейм. Эки балам үчүн жумуштан чыгат окшойм", - деп билдирди Лилия Хабарова.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.09.2021. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызча билүүгө милдеттүүсүңөр. Азыр силердин (орустардын) колониялык доору жок, каалагандай дардаңдап жүргүдөй.
25.09.2021. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-312,Кандай болгон учурда да Унитардуу Кыргыз Мамлекетинин жараны, котормочу же ишенимдуу Кыргыз тилин билген адам жандап жүрсө болот. Мен Россияда жүргөндө Кыргызбы же Өзүбек деп бөлбөй жардам берип Орусча сүйлөшүп берет элем документ иштерине жардамчы болот элем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: