super.kg logo

Түркия террорчулукка байланышкан 2 жарым миллиондон ашык материалды иликтеп бүткөнүн жар салды

 

Түркиянын Ички иштер министрлиги террорчулукка, анын ичинде ФЕТО уюмуна байланышкан 2 миллион 515 миң материалды иликтеп бүткөнүн жарыялады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу 15-июлдан бери чогултулган террорчулукка байланыштуу 2 миллион 600 миң материалдын ичинен иликтенбеген 85 миң гана материал калганын билдирген.

"Террорчулук менен күрөшүүдө жетишкен ийгиликтерибиз арбын. Маселен, 2016-жылдан бери 16 террорчу өз каалоосу менен колго түшүп берди, мындай ишке аралашкан 28 миңден ашык үй-бүлө менен ийгиликтүү сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ошондой эле быйыл 1 жыл ичинде эле 132 коркунучтуу террордук чабуулдар токтотулуп, 57 кооптуу террорчу кармалды. Бул иштердин бардыгы атын атагысы келбеген баатырлардын жардамы менен, ошондой эле мамлекеттин бул тармактагы күрөшкө берген колдоосунун аркасында ишке ашты", - деп билдирген министр.

Эске салсак, ушул жылдын 1-июнунда Кыргыз жараны Орхан Инанды Бишкек шаарында дайынсыз жоголгон. Арадан 1 айдан ашык убакыт өткөн соң, тагыраагы 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды террорчуларга каршы күрөш жүргүзгөн атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин маалымдаган жана аны ФЕТО уюмунун Орто Азиядагы лидери деп атаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: