super.kg logo

ИИМ жасалма ПЦР-тесттерди саткан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет

 

ИИМ жасалма ПЦР-тесттерди саткан жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, республиканын аймагында жасалма ПЦР-тесттерин мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

"Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда эки, Талас облусунда бир факты катталган. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектүү жарандардын аты-жөнү аныкталып, алар 1996-жылы туулган А.Б. менен Б.А., 25 жаштагы Х.А. аныкталган. Алар "документтерди жасалмалоо" беренесине шектелип кармалышкан.

Ушундай эле факты Талас облусунун Манас районунда катталган. Анда менчик лабораториялардын биринин эки кызматкери жасалма ПЦР-тесттерин 2 миң сомго сатып жатканы аныкталган. Сотко чейинки өндүрүш башталып, шектүүлөр кармалган.

Учурда Ички иштер министрлиги тарабынан бардык тергөө амалдары жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Ички иштер министрлиги жасалма ПЦР-тесттерин саткан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: