super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев журналисттерди Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады

 
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев журналисттерди 7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Куттуктоо сөзүндө: “Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Эгемендүүлүк жылдарында өлкөбүз татаал жолду басып өттү. Анда жоготуулар да көп болду. Кыйынчылыктар жана түрдүү сыноолор ар бирибизди өзгөрттү. Биз күчтүү боло алдык. Өлкө менен кошо биздин “төртүнчү бийлик” да кыйынчылыктарга туш болду. Бүгүнкү күндө жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланып, чыныгы күчкө ээ болуп турат. Мен үчүн сөз эркиндиги – бул биринчиден кыйын кезеңде чындыкты айткан адамдар. Геннадий Павлюк, Сыргак Абдылдаевдер акыйкат, мамлекеттин келечеги үчүн күрөшүп, бүгүн биз эркин өлкөдө жашап жатабыз. Айтылган сөз үчүн уруп, түрмөгө камап, чындык үчүн өлтүргөн учурлар болгон. Биздин тарыхта мындай көрүнүш кайталанбашы керек. Сөз эркиндигин сакташыбыз керек. Сөз менен маскаралап, көңүлүн түшүрүп, өлтүрүп койсо да болот. Айткан сөз боюнча жоопкерчиликти унутпаш керек. Мамлекеттин алдындагы жоопкерчиликти эске алуу менен биз күчтүү, эркин Кыргызстанды түзө алабыз. Урматтуу достор! Сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана чыгармачыл ийгиликтерди каалайм” дейт өлкө башчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: