Пакистандын жараны автоунаасы менен 4 унааны сүзүп кетти
Кечээ, 5-ноябрда Бишкек шаарынын Ж.Абдрахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда Инспайр үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жаткан 36 жаштагы Пакистандын жараны Тойота Камри үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Андан соң ары жакта токтоп турган Тойота RAW-4, Субару Форестер , Мерседес Бенц-210 үлгүсүндөгү унааларын да сүзгөн. Натыйжасында Хонда Инспайр , Тойота RAW-4 унааларынын айдоочулары баш сөөгүнөн жабыркап ооруканага жеткирилген. Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бардык айдоочулар мас абалында эмес болчу. Жол кырсыгынын себеби жол эрежелеринин сакталбагандыгынан улам келип чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.