super.kg logo

Бишкекте көп кабаттуу батирден 38 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

 

Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу батирлердин биринен 38 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББинин 102 кызматына 23-сентябрь күнү саат 10:01 чамасында Токтогул көчөсүндө жайгашкан батирден 38 жаштагы аялдын жансыз денеси жатканы боюнча маалымат анын жакындары тарабынан келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге Ленин РИИБинин тергөө ыкчам тобу барганда, бычактан алган жаракатынан улам каза болгон 1982-жылы туулган аялдын жансыз денеси табылган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ("адам өлтүрүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ага ылайык бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө амалдары жана ыкчам издөө иш-чаралары жүрүүдө", - деп билдиришти маалымат кызматынан.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: