super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 24-СЕНТЯБРЬ: "Биринчи мугалим" тасмасында Алтынайдын ролун аткарган актриса Наталья Аринбасарова төрөлгөн

 

24-сентябрь, 1946-жылы советтик жана орусиялык актриса Наталья Аринбасарова туулган.

Советтик жана орусиялык актриса Наталья Аринбасарова Москва шаарында аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. 1964-жылы Академиялык хореографиялык училищени аяктаган. Наталья бул окуу жайды бүтөр жылы аны орусиялык режиссёр Андрей Кончаловский Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартыла турган "Биринчи мугалим" тасмасындагы Алтынайдын ролуна тандаган. Кино тартуу убагында режиссёр экөөнүн ортосунда сүйүү тутанган. Ал сүйүүнүн аягы Егор аттуу балалуу болгондон кийин, ажырашуу менен аяктаган. Актриса экинчи ирет биринчи жолдошу Андрейдин досу, сүрөтчү Николай Двигубскийге турмушка чыккан, бирок аны менен да түбөлүк боло алган эмес.

“Биринчи мугалимден” кийин атактууга айланган актриса кайра эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Жамийла” тасмасында Жамийланын ролун аткарган.
24-сентябрга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: