super.kg logo

Бишкекте аялды алдоо жолу менен жер тилкесин, унаасын ээлеп алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Бишкекте алдоо жолу менен жабырлануучунун жер тилкесин, унаасын ээлеп алган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин тергөө кызматына аял киши арыз менен кайрылып, Куба аттуу жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

"Арызда 2018-жылдын ноябрь айында алдоо жолу менен анын ишенимине кирип, жер тилкесин жана жүк ташыган унаасын ээлеп алып, андан соң изин жашырып качып кеткендигин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүүнүн аты-жөнү аныкталып, жашаган жери жана тааныштарын аныктоо иштерин жүргүзүшкөн.

Шектүү катары Бишкек шаарында жашаган 1989-жылы туулган О.К. кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери уланып жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: