super.kg logo
  Саясат  

Депутат Ибраев Улуттук банктын төрагасы кара пиар менен алектенип жатканын айтты

 

Депутат Саматбек Ибраев Улуттук банктын төрагасы кара пиар менен алектенип жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-сентябрда парламенттик угууда билдирди.

"Финансылык технология боюнча мыйзам ишке кирсе ачыктык пайда болот. Ошол ачыктыкка каршы топтор иштеп жатат. Улуттук банк ошол топтор менен биригип иш алып барып жатат. Улуттук банктын төрагасы 7 жылдан бери финансылык системаны талкалап салды. Ошондуктан мен парламенттин жыйындарында айттым. Буга баа беришибиз керек. Абдыгулов оюн өзгөртүп, реформага барбасак кыргыздын жашоосу алдыга жылбайт. Мени жеке кызыкчылыгы бар деп кара пиар кылып жатышат. Буга маалымат каражаттары күнөөлүү эмес, маалымат берген Улуттук банк күнөөлүү. Элдин оюн башка жакка буруп, кара пиар менен алектенип жатасыңар", - дейт депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: