super.kg logo

БШК талапкер болууну каалаган аткаминерлерге талаптарды жарыялады

 

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер болууну каалаган аткаминерлерге талаптарды жарыялады.

Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот, эгерде ал төмөнкүлөрдөн болуп саналса:

  • Жогорку Кеңештин депутатын же президентти кошпогондо мамлекеттик саясий кызматчы;
  • жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматчы;
  • мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин, мамлекеттин (муниципалдык) катышуу үлүшү 30 пайыздан ашык ишкананын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчиси.

Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп турат, эгерде ал төмөнкүлөрдөн болуп саналса:

  • мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоочулук, дипломаттык) карабастан мамлекеттик кызматчы;
  • муниципалдык кызматчы;
  • жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: