Уурдалган наристенин энеси Улуттук госпиталда оор абалда жатат
Бишкек ШИИБинин
басма сөз кызматы бүгүн, 6-ноябрда уурдалган наристе тууралуу ишти иликтөө боюнча маалыматтарды
берди. 5-ноябрда Бишкек шаардык перинаталдык
борбордон наристе уурдалган. Аталган ишти иликтөөнүн жүрүшүндө борбордун
кызматкерлери сурак берип, наристенин жоголгонун саат 22:30да байкашканын
айтышкан. Өз алдыларынча издеп, жыйынтык чыкпаган соң ички иштер органдарына
кайрылышкан. 2013-жылы 10-октябрда маалына жетпей төрөлгөн кыздын
энеси 1975-жылы туулган С.А. азыркы тапта Улуттук
госпиталда оор абалда жаткандыктан аны менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөгөн. Кыздын атасы
Орусияда экени белгилүү болду. Иликтөө иштерине наристенин атасынын бир тууганы
катышууда.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

мындай ишти ички иштер органына эле эмес ден соолук министри түздөн түз мойнуна алып тезинен бүт врачтарды тазалаш керек, корруциянын дагы бир чоң очогу ушул врачтарда