"Кумтөр": Мөңгүлөрдү жок кылууга макул болгон деп шектелип жаткан Жоомарт Оторбаев 30-ноябрга чейин камакта калтырылды
Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макул болгон деп шектелип УКМК тарабынан кармалган мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев 30-ноябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Бриринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 24-сентябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Ж.К.Оторбаевге карата мурда тандалган Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2021-жылдын 30-ноябрь күнүнө чейин узартылды", - деп билдиришти Биринчи Май райондук сотунан.
Жоомарт Оторбаев УКМК тарабынан 16-сентябрда кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















