super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: “Насирдин Исановдун жасаган эмгеги бүгүн да барктуу”

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 6-ноябрда Улуттук филармонияда Кыргызстандын алгачкы премьер-министри Насирдин Исановдун 70 жылдык мааракесине арналган иш-чарага катышты. Төрага өз сөзүндө:

“Насирдин Исанов кыска, бирок нускалуу өмүр сүрдү. Ал бардык тарабынан жетилип, акылын азык, каруусун казык кылып, кыйын кезеңде журт милдетин моюндап турган 48 жаш курагында каза тапты. Анын өмүрү кыргыз элинин маңдайын улуу бурулуш доору жазылган, бүлүнгөн өлкө чарбасын кайра уюштуруу, заман каарынан арыган калкты асыроо милдети турган оор учурга туш келди.

 

Насирдин Исановдун өмүр жолу бактылуу да, мүшкүлдүү да болду. Бактысы: анын ысымы соңку кыргыз тарыхында түбөлүккө жазылып калды. Мүшкүлү: жаш кетти, тилегине жетпей калды, тагдырдын тайкы кырсыгынын күтүүсүз курмандыгы болду.

“Атам өлсө да, атамды көргөн өлбөсүн!” дейт. Анын сыңарындай Насирдин агабыз азыр арабызда жок болсо да, аны менен кезинде ийиндеш иштешкен замандаштары, тууган-туушкандары, жерге-жээги, бала-бакырасы 70 жылдык мааракесин белгилеп, анын асыл сапаттарын эскерип отурат.

 

Насирдин Исановдун өмүр өтөлгөсү, өтөгөн эмгеги, мекенчилдик ариети бүгүн да өзүнүн барк-баасынан тайган жок. Анын жаркын элеси келечек муундар үчүн атуулдук кажыбас кайраттын бийик үлгүсү, карт тарыхтын сабагы болоруна ишенем”,- деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: