super.kg logo

Пермдеги ок атуу: Тергөө комитетинин бөлүм башчысы өз жанын кыйды

 

Пермь шаардык тергөө комитетинин бөлүм башчысы Сергей Сарапульцев өз жанын кыйды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, анын өз жанынын кыюусу Пермь университетиндеги трагедия жана анын иликтөө иштеринин жүрүшүнө байланыштуу. Бул окуяны Федералдык тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин жеке көзөмөлүнө алып, текшерүү үчүн бир күн мурун Пермге барган.

Анын жансыз денеси өзүнүн батиринен табылган.

Эске салсак, Пермдеги университеттеги каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү орун алган. Анда Тимур Бекмансуров аттуу юридикалык факультеттин 1-курсунда окуган студент 12 калибрдүү куралы менен окуу жайга кирип келип, бир канча жолу ок аткан. Анын огунан улам 6 адам каза таап, ондогон жаран жаракат алган. Полиция кызматкерлери Тимур Бекмансуровду жарадар кылып колго түшүрүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.09.2021. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Түшүнбөдүм, жөндөн жөн эле тиешеси жок туруп өзүнүн жанын өзү неге кыйды. Эмне ушунчалык кыйын болобу тергөөсү?
24.09.2021. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nazira...,жогор жактан жемайт этип атат да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: