super.kg logo
  Спорт  

Футбол: Чемпиондор Лигасы, Ла Лига, Бундеслига, АПЛ, Лига 1 калыстары бир оюн үчүн канча каражат алат?

 

Англия Премьер Лигасы (АПЛ) жана Ла Лига Европа өлкөлөрүндөгү чемпиондуктар үчүн калыстарга эң көп гонорар төлөп берет. Ошол эле учурда Англияда гана калыстар беттешти тейлегени үчүн гонорарды гана эмес, жылдык эмгек акыларын да алышат. Италия, Германия жана Франциянын чемпиондуктарындагы калыстардын гонорары алда канча жөнөкөй. Ошондой эле "Goal" басылмасы Чемпиондор Лигасынын беттештерин тейлеген калыстар канча акча аларын аныктады.

Англия Премьер-Лигасындагы эң мыкты калыстардын бири - Майкл Оливер.

Калыс - бул футболдогу эң оор кесиптердин бири. Ар бир калыстын чечими менеджерлер, оюнчулар, эксперттер жана күйөрмандар тарабынан анализделет. Жадакалса ВАР системасынын киргизилиши калыстардын ишин жеңилдеткен жок. Анткени бул жаңы технология көптөгөн талаш-тартыштарды жаратууда.

Калыстар бир оюнда канча каражат табат?

Улуу Британияда эң мыкты калыстар бул Премьер-Лиганын калыстары. Алар айлык акы жана оюн акысын алышат. Англиянын жогорку дивизион калыстары жылына 82 миң 165 еврого чейин таба алышат. Аларга тажрыйбасына жараша 45 миң 191 евродон 49 миң 300 еврого чейинки жылдык негизги төлөм, ошондой эле ар бир оюн үчүн 1 миң 350 евро төлөнөт.

Ла Лигадагы эң мыкты калыстардын бири Антонио Матеу Лаос.


Калган Европа өлкөлөрүнүн чемпиондуктарындагы калыстар ар бир оюн үчүн өзүнчө акча алышат. Эң жогорку көрсөткүч Ла Лигада. Анда ар бир оюн үчүн калыс 6 миң евро алат. Германия менен Италиянын мыкты калыстары бул сумманын жарымынан бир аз көбүн, тагыраагы оюн үчүн 3500-3700 евродон алышат. Лига 1де калыстар бир беттеш үчүн 2800 евро табышат. Португалия чемпиондугунда - 1200 евро.

Чемпиондор Лигасынын калыстары тажрыйбасына жараша акча алышат. Мисалы, эң мыкты калыс ар бир оюнду тейлегени үчүн 6400 евро алат. Экинчи даражадагы калыстар бир оюнга 4400 евро, үчүнчү даражадагы калыстар 800 евро алышат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
25.09.2021. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акча шиш экен.
25.09.2021. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бизде канча алышат. Калыстар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: