super.kg logo

Орусияда аялды медициналык кароодон өткөргөн дарыгер анын күйөөсү тарабынан токмоктолду

 

Орусиянын Нижневартовск шаарынын тургуну аялын медициналык кароодон өткөргөн дарыгерди сабады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жоолук салынган бейтап адиске келип текшерүүдөн өткөн. Дарыгер анын колдорун, буттарын жана ашказанын кароодон өткөргөн. Андан кийин аялдын күйөөсү бөлмөгө кирип келип дарыгерди ур-соккуга алган.

Дарыгер жергиликтүү басылмаларга билдиргендей, буга чейин бейтаптарды текшерүүдө мындай кыйынчылыктар пайда болгон эмес.

"Мен мында таң калычтуу эч нерсе көргөн жокмун, мен шаарда бир нече жылдан бери иштейм, бейтаптарга карата мамиле баарына бирдей. Текшерүү үчүн мен анын колун, бутун, ашказанын көрсөтүүсүн сурандым", - деген дарыгер.

Анын айтымында, бейтап ачууланып, мындай кылуу туура эмес экенин айткан. Дарыгер нормалар баарына бирдей деп жооп берген.

"Жарым сааттан кийин күйөөсү "сен аялдардын курсагын караганды жакшы көрөсүңбү?" деп кабинетке кирип келип, башка эч нерсе дебей мени сабай баштады. Менин практикамда бычак менен да келип коркуткан күндөр болгон. Бирок бул жолу сүйлөшүүгө да мүмкүн болгон жок",- деген дарыгер.

Дарыгердин айтымында, бейтап өзү шаардагы клиникалардын биринде медайым болуп иштейт. Ал окуядан кийин эч ким аны менен байланышууга аракет кылбаганын белгиледи - кол салуучунун өзү да, аялы да. Бирок полиция жаракаттарды - баш мээси чайкалганын жана сыйрылганын жазып алган. Азыр укук коргоо органдарынын кызматкерлери текшерип жатышат, анын жыйынтыгы боюнча кол салуучуга административдик укук бузуу иши же кылмыш иши козголору белгилүү болот.






Аялын текшергендиги үчүн дарыгерди ур-токмокко алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.09.2021. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошон үчүн аялды аялдар текшергени жакшы. Милиция кызматкерлери да аял кишини кармаганда аял милициялар жетелеп жүрүш керек.
25.09.2021. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Безграмотный типтер. элементарный нерсени билбейт. Андай мыкты болсо аял врач таап келбейт беле. Идиот. Озун качан олум алдында жатканда тушуносун аял-эркек айырмасы жок, жанымды сактап калса экен дее
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: