Ага ылайык, жыйындын катышуучулары – социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн өкүлдөрү, билим берүү борборунун, үй-бүлөлүк медицина борборунун өкүлдөрү катышып, жеке үй-бүлө менен иштөө жана баланы коргоо планын бекитишти.
"Жашы жете элек баланын атайын балдар үйүндө болуу мөөнөтү узартылды.
Жыл башынан бери комиссиянын 27 жыйыны өткөрүлүп, жашы жете электердин арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча 222 материал каралды жана 8 рейд өткөрүлдү", - деп жазылат маалыматта.

Супер-Инфо
super.kg видео

Борбор калаанын Октябрь акимчилигинде балдар иштери боюнча комиссиянын отуруму өттү. Комиссия мүчөлөрү балдардын жана өспүрүмдөрдүн укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү үчүн даярдалган материалдарды карап чыгышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.















