Жогорку Кеңеште экстремисттик топторго байланышкан мыйзам долбоору каралды
Жогорку Кеңеште бүгүн, 6-ноябрда диний экстремизмге каршы
күрөшүүгө байланыштуу мыйзам
долбоору каралууда. Мыйзам
экстремисттик топтордун символ, атрибуттарын ММКлар аркылуу коомчулукка
жарыялоого тыюу салат. Эгер сот кайсы бир уюмду экстремисттик деп тапса, аларды
да пропагандалоого тыюу салынат. Буга
депутат Исмаил Исаков каршы жана бул аракет журналисттердин ишин чектейт деген
ойдо. “Эгер сот кайсы бир уюмду экстремисттик деп тапса, ал топту жаман деп
элге маалымат берген журналист кылмышкер болуп калат. Экинчи жакты да ойлойлу”,-
деди ал.
Автор: Автандил Добулбеков
Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

