super.kg logo

Жалпы 7 миң килограмм. Баткенде аткезчилик жол менен ташылган жүзүм аныкталды

 

Баткенде аткезчилик жол менен ташылган жүзүм аныкталды. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, контрабандалык жүктөр 24-сентябрда алынды.

Маалым болгондой, Лейлек районундагы Сай айылында чек арачылар Мерседес-Бенц Спринтер унаасын токтотушуп, текшерүүгө алышкан. Унааны З.Н. аттуу жаран башкарып бара жаткан.

"Ал Тажикстандан Кыргыз өлкөсүнө 2 миң килограмм жүзүмдү мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган. Кийинчерээк чек арачылар тарабынан дагы 2 Мерседес-Бенц Спринтер унаасы текшерүүгө алынып, мыйзамсыз ташылып келген 5 миң килограмм жүзүмдү аныкташты. Алдын ала маалымат боюнча жалпы жүктүн баасы 600 миң сомдон ашат.

Бул фактылар боюнча тиешелүү документтер топтолуп, андан ары тергөө иштери үчүн айдоочулар унаалары менен кошо компетенттүү органдарга өткөрүлдү", - дешет мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.09.2021. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Каяктан болсо да өз элине чыккынчылык кылган манкурт экен да
25.09.2021. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушундай контрабандистердин кармап эле машиналарын орттоп жибере берсенер, кучтору жетсе жоо ташып отуп корушсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: