super.kg logo

Орусияда мигранттардын укугун коргогон уюмдун жетекчиси кармалды. Ага 2051-жылга чейин өлкө аймагына кирүүгө тыюу салынды

 

Орусияда мигранттарга көмөк көрсөткөн уюмдун жетекчиси федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалды. Орус басылмаларындагы маалыматка караганда, "Тонг Жахони" коммерциялык эмес уюмдун жетекчиси Валентина Чупик өлкө аймагынан чыгарылат.

Ал эми Валентина Чупик "Шереметьево" аэропортунда кармалып отурганын, документтерин алып коюшканын, кайда алып кетишери белгисиз экенин айткан.

"Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери кармалган айымга Орусиянын аймагында качкын макамынан ажыратуу тууралуу билдирүү тапшырышты. Ага 2051-жылга чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салышты. Эми ал Өзбекстанга депортацияланат.

Мигранттардын укугун коргоп жүргөн аял Анжиян окуясынан кийин Орусияга көчүп барган. Ал көп жылдардан бери Москвада жашап, укук коргоо органдарынын кысымына жана башка көйгөйлөргө туш болгон мигранттарга бекер юридикалык жардам көрсөтүп келген", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
25.09.2021. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мила жакшы аял болчу сүйлөшкөм бир иш боюнча!жардамчысы Александр деген Ташкенттик кореец
25.09.2021. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Орустар өздөрүнө душман ашырып атышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: