Тойдо мылтык менен асманга ок аткан баланын видеосу тарады. Ал 20 жашта экени, окуя Өзгөндө болгону аныкталды
Ош облусунун Өзгөн районунда тойдо мылтык менен бир нече ирет асманга ок чыгарган окуя катталды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
Ош ШИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, окуя бүгүн, 25-сентябрда Өзгөндө катталды.
"Интернет желесине тарап жаткан видео боюнча иликтөө жүргүзүлдү. Аткарылган иштердин натыйжасында тойдогу балдар Өзгөндөн Ош шаарына келгени аныкталды. Ал эми ок чыгарган бала кармалып, өзү жашаган аймагы боюнча ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Курал кармаган бала 2001-жылы туулган Зергер айылынын тургуну А.Ш. экени белгилүү болду", - дешти башкармалыктан.
Мындан кийинки тергөө иштери Өзгөн РИИБи тарабынан жүргүзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Киргизгилечи бир 10-15 жыл тияка..