super.kg logo

"Уулумдун тоюнда атам деген максатта алгам". Тойдо мылтык менен асманга ок чыгарган окуянын чоо-жайы

 

Бүгүн, 25-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районунда тойдо мылтык менен бир нече ирет асманга ок чыгарган окуя катталды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарап, анда турак үйдүн короосунда бир нече балдар топтолгонун, алардын бири ок атуучу куралды алып асманга бир нече жолу атып жатканын байкоого болот. Ош облустук ички иштер башкармалыгынан окуянын чоо-жайын кенен айтып, курал Орусиядан алып келингенин белгиледи.

"Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 25-сентябрда Кайрат айылынын 38 жаштагы Х.А.С. аттуу тургуну баласын үйлөнтүп жаткан. Үй ээси Орусиядан сатып келген ИЖ-161 ПС үлгүсүндөгү үн чыгарып жарык берүүчү куралды баласынын досу, Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн Аю айылынын 20 жаштагы А.Ш.А аттуу тургунуна ок чыгаруу максатында берген. Ал эми Ш.А эл топтолгон жерде асманга бир нече жолу ок чыгарган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып кароо жүргүзгөн учурда 2 даана 5,45 мм болгон ок атуучу куралдын гильзасы табылып алынган.

Үй ээси өзүнүн көрсөтмөсүндө Москва шаарында көп жылдан бери иштеп жаткандыгын, Кыргыз жергесине 21 жаштагы баласын үйлөндүрүү максатында 6-сентябрь күнү келгенин билдирген. "Той өткөрүп жатканда асманга ок чыгарайын деген оюм бар болчу, мындан улам куралды сатып алгам. Сатып аларда уруксат керекпи деп сурагам, сатуучу АК74 ок атуучу куралга эч кандай уруксат кагаздары кереги жоктугун билдирген. Үн чыгаруучу автомат дегенинен кызыгып, баламдын тоюнда асманга атам деп болжол менен 32 миң рублга сатып алгам. Аэропорттон эч кандай тоскоолдуксуз коё берген.

Бүгүн уулумдун дос балдары Ош шаарында боло турган тойго кетип жатышкан, үйүмдүн короосунда ок атылсын деп автоматты алып чыктым. Ок чыгарып бүткөндөн кийин мен автоматты үйгө алып кирип бекитип койдум" деп билдирген", - дешти мекемеден.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча далил буюм катары алынган ИЖ-161 СХ-АК74М 5,45х39 20816834 үлгүсүндөгү үн чыгарып жарык берүүчү куралга соттук баллистикалык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
25.09.2021. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Атасы далбаев турбайбы корсо..
АК74 автоматын кандай эле аэропорттон унчукпай коё беришет, керек болсо газовый пистолетти зоорго откорушот го.
25.09.2021. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jacob.,списания охолощенное оружия деп турат
25.09.2021. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jacob., Өткөрөт документ жагы жайында болсо эчким эч нерсе кылбайт. Болгону куралдарды алып өтөрү менен МВДга каттоого турасың.
26.09.2021. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Nursul,
Мындай жоруктарды токтотпосо чечендер, талибтерге окшоп каада салтка айлантып алышат кыргыздар. Курал атканды коюп чимкиригин тыңыраак тазалап алышпайбы жаштар.
ayzhan12 түзөттү 2021-09-26 00:15:35
25.09.2021. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
40 жашка келсе да атасына акыл кире элек турбайбы, биринчиден калп айтып аэропорттон жон эле откорду дебе, экинчиден тоюнда эмес мекенди коргоого кереги тийеби деп алгам дебейсинби.
25.09.2021. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Булда бир шишип кеткен бирода
25.09.2021. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аэропорттон откорбойт.
25.09.2021. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жон эле журбойсунбу,курал менен ойношпой,асманга атып эми муйуз чыктыбы,же балана шак чыктыбы.
25.09.2021. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Биздин өлкөдө жаштар арасында чоңдор арасында да жиндилер көбөйө баштады.
25.09.2021. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
38 жашта болсо өзү өтө жаш үйлөнүп, баласын да жаш эле үйлөп жатат экен да. Анысы аз келгенсип мылтык атканын. Мылтык эмне ушуда эле бар бекен, бекиткендин ордуна, тоба.
26.09.2021. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nazira..., Баласы 21 жашта болсо, анда 16 жашында үйлөнүп, 17 жашында балалуу болгон экенда.
26.09.2021. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-312,21де эмес 2001-жылы туулган
25.09.2021. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тойдо ок чыгарган жаны Канада салт ойлоп Таба башташканбы?
26.09.2021. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыпкызыл эле жинди атасы барго, тооба.
26.09.2021. 06:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы тилек кылсан го, уйундо ок атылганынын эмнеси жакшы. Жакшылык болсун деп тилебейсинби. Эртен башкалар замбирек менен ата башташат эми далбандар
suban78 түзөттү 2021-09-26 06:33:36
26.09.2021. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уйдо ок атылбаш керек .
Бирок.
деген жери барда
Ар бир кыргыз эркектин уйундо курал болуш керек деп ойлойм.
Кыргызстан коп улуттуу олко
Туштук региондо тажик мн озбектердин
Ар биринин уйундо курал бар.
Буга чейинки болгон окуялар буга далил
27.09.2021. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тойдо атам деп ниет кылган киши кок мээ экен. Бир куну жаш балдары же неберелери ойносо тообо кылдым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: