super.kg logo
  Саясат  

Токон Мамытов кызмат өтөөдө каза болгон жоокерлердин энелери менен жолукту

 
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Токон Мамытов 5-ноябрда кызмат өтөөдө каза болгон жоокерлердин энелери менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөп жатып каза болгондордун энелери иликтөөчү органдардын ишине ынанбагандыгын айтышты. Жолугушууга катышкан энелер “Биз балдарыбызды 18-19 жашка чейин чоңойтуп, милдетин аткарсын деп мамлекетке берип, кайра сөөктөрүн алдык. Аскердегилер тынчтык болуп турганда өзүн -өзү өлтүрдү деп жатышат. Жоокерлерди кордогон боюнча бизде фактылар бар. Биз бул боюнча Коргоо министрлигине, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына, Чек ара кызматына кайрылдык. Балдарыбыздын өлүмүнө күнөөлүүлөр жаза алган жок”,- деп айтышты. Вице-премьер-министр энелерди уккан соң тийиштүү чаралар көрүлөрүн айткан. Токон Мамытов “Ата-энелер арызын алып келишсе, документтер башкы прокуратурага тапшырылат. Алар 1 ай ичинде текшерип чыккандан кийин тиешелүү чаралар көрүлөт. Мыйзам боюнча арыз бир ай каралат. Аскердик прокуратура аталган ишти карап чыгып жооп берет деп ойлойм” деп SUPER.KG порталына бүгүн, 6-ноябрда билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: